Жарандык активист Мавлян Аскарбековго Бишкектеги Биринчи Май районунун акиминин орун басарлыгы сунушталды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 2-октябрда Аскарбеков өзү тастыктады. Анын айтымында, аталган кызмат мэрия тарабынан сунушталган.
"Мэрия тарабынан Биринчи Май районунун акиминин орун басарлык кызмат орду сунушталып, азыр дайындоо процедуралары жүрүп жатат", - деди Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков жарандык активист катары коомдогу саясий окуяларда өз пикирин билдирип, бир катар митингдерди өткөрүп келген. Аскарбеков 2017-жылы 16-январда учак кырсыгынан жабыркаган Дача-СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда "бийликти басып алууга чакырган" деп айтыпталып, ага кылмыш иши козголгон.
Бул боюнча Биринчи Май райондук соту аны күнөөлүү деп таап, мамлекетке 50 миң сом төлөөгө милдеттендирген. Бүгүн Жогорку Сот козголгон кылмыш ишти кыскартты.