Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңеште "өкмөттүк саат" өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жыйында билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жана спорт бөлүгүндө Кыргыз Республикасында балдардын укуктарын ишке ашыруу жөнүндө маселе каралат.
Жыйындын күн тартибинде мындан тышкары дагы 7 маселе каралуусу күтүлүүдө. "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, "Мамлекеттик стратегиялык башкаруу жана пландаштыруу жөнүндө" мыйзам долбоору жана башка маселелер талкууланат.