Депутат: "Архитектура агенттиги коррупциялашкан агенттик экенин билебиз"

Бүгүн, 5-октябрда "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында фракция лидери Алмазбек Баатырбеков салынган мектептердин баасынын айырмасын белгиледи.

"Аламүдүн районундагы 150 орундуу мектеп 42 миллион сомго курулуптур, ошондой эле дагы бир мектеп 50 миллион сомго курулду. Ошол эле мезгилде андан да оруну көп 180 орундуу мектеп арабдар бөлгөн каражатка Ат-Башыда 9 миллионго салынды. Ортодогу айырма 4-5 эсе болуп жатат. Бюджеттен бөлүнгөн акчаны каалагандай колдоно берүүгө болобу? Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги коррупциялашкан агенттик экенин билебиз", - деди Баатырбеков.

Аталган агенттиктин статс-катчысы Самат Бөрүбаев ал мектептер спорт залдардын ашканалары менен салынган деп түшүндүрдү.

Жыйында агенттиктин 2015-2018-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан