"Коопсуз шаар" долбоору кайрадан үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. 4-октябрда "Коопсуз шаар" боюнча өткөн сынакка катышкан "Маалыматтык системдердин коопсуздугу" компаниясынын өкүлдөрү жеңишке жеткен "Вега" компаниясынын аталган долбоорду ишке ашырууга тажрыйбасы жок экенин айтып чыгышты. Арыз-даттанууларды караган көз карандысыз комиссия "Веганын" үстүнөн түшкөн сындарды негиздүү деп тапты. 2012-жылдан бери ишке ашпай келе жаткан "Коопсуз шаардын" жеңүүчүсү кайрадан жокко чыгарылышы мүмкүн.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бул долбоордун ишке ашарына ишенесизби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев жооп берди.
Ал бул долбоорду оюнчук кылып алышты деген пикирде.
“Бул жөнөкөй, жакшы тендер өтсө эле ишке аша турган долбоор. “Коопсуз шаарды” оюнчук кылып, элге шылдың болуп бүтүштү. “Коопсуз шаар” жөнүндө сүйлөсөң, уккандар күлүшөт. Канча жылдан бери ишке ашпай келе жатат. Президент өзү киришип, долбоорду ишке ашырбаса, өкмөттүн күчү жетпей калды”, - дейт Рысалиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, экономикалык маселелер боюнча эксперт Руслан Акматбеков, мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси Талант Султанов жана жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.