Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы учурда 4,7 миллиард доллар. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматына караганда, бул көрсөткүч ички дүң продукциянын (ИДП) 55,8 пайызын түзөт. Өкмөт "мамлекеттик карыз алуунун чегин ИДПга карата 70 пайызга чейин" деп бекитүүнү сунуштап жатат. Аталган демилге колдоо тапса, алдыда дагы ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң көлөмдөгү насыяларды алууга жол ачылат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Карыздын дагы өсүшү өлкөбүздүн эгемендигине коркунуч жаратпайбы?" деген соболуна эксперт Азамат Аттокуров өз пикирин билдирди.
Аттокуровдун айтымында, карызга алынган акча каражаттарын кирешелүү тармактарга сарпташ керек.
“Албетте, мамлекеттик карыздын көбөйүшү ар бир өлкөдө бар. Мисалы, эң көп карызы бар мамлекет - АКШ. Алардын карызы ИДПсынын 100 пайызынан ашат. Бизде азыр андай жок. 100 пайызга жакындаганда жергиликтүү валюта өз кунун жоготот, инфляция болот. Сырткы насыя берүүчүлөр каражат бербей калат. Сөзсүз түрдө көз карандылык жаралат. Мисалы, Кытайга карызыбыз көп. Алар биздеги кызыктуу активдерди карызынын ордуна сурашы мүмкүн. Мындай практикада бар.
70 пайыздык чекти коюу - популисттик кадам. Чек койгондо деле каражат жок болсо ала берет. АКШда деле чек бар, бирок андан ашып кеткен. Эң жакшы ыкма алынган каражатты жол курууга жана башка курулушка жумшап жибербей, максаттуу пайдалануу керек. Ишкерликке сарптоо зарыл. Каражат акча таба турган жолдорго жумшалса туура болот. Бизде алынган каражаттын бардыгы кайтпай турган иштерге жумшалууда”, - деди Аттокуров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Эмил Токтошев, Эльвира Сурабалдиева, Төрөбай Зулпукаров жана экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин пикири бул шилтемеде.