Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Аталган маалыматты SUPER.KG порталына вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тастыктады.
Анын айтымында, арыз учурда өкмөттө каралып жатат. "Премьер-министр кол койгондон кийин өкмөт расмий маалымат таратат", - деди Өмүрбекова.
Буга чейин Башкы прокуратура Лунара Мамытова 2017-жылдан тарта 2018-жылдын сентябрь айына чейин 3 жолу (АКШ, Германия, Италия) кызматтык сапар жасаганын аныктаган. Мамытова кызматтык сапарларга чыгуу тартибин бузуп, сапарлардын жыйынтыгы боюнча билдирүүлөрдү жана отчётторду берген эмес. Мындан тышкары ал сапарлары аяктаган соң дипломатиялык паспортторду министрликтин тиешелүү бөлүмүнө өз убагында тапшырбаганы белгилүү болгон.