Экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууну көздөгөн мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү

Экс-президенттер Отунбаева менен Атамбаев.Экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууну көздөгөн мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү. Аталган маалыматты SUPER.KG порталына демилгечилердин бири Исхак Масалиев тастыктады.

Анын айтымында, азырынча аталган долбоор качан каралары белгисиз.

"Аталган мыйзам долбоору алгач парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралат. Баяндаманы мыйзамдын демилгечилеринин бири болгон депутат Курманкул Зулушев жасайт. Долбоор качан каралары белгисиз", - деди Масалиев.

Буга чейин депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттердин кол тийбестик макамы жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарышкан.

Учурда экс-президенттер кол тийбестик укугуна ээ. Буга ылайык, президент ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылбайт. Ошондой эле аны камакка алууга, тинтүүгө, суракка алууга же жеке текшерүүгө мыйзам жол бербейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан