Жээнбек Кулубаев Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жарлыкка кол койду.
Буга чейин 2-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Тышкы иштер министрлиги аталган кызматка Кулубаевдин талапкерлигин сунуштаган. Комитет анын талапкерлигин колдогон. Ошол күнү Кулубаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, алгачкы иштерин чек арадагы маселелерден баштай турганын айткан.
Эске салсак, 2011-жылдан тарта 2016-жылдын апрель айына чейин Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчиси Эсенгул Өмүралиев болгон. Ал кызматтан бошотулгандан бери эч ким бул кызматка дайындалган эмес.