Бүгүн "Ата Мекен" өлкөнүн тышкы карызын талкуулайт

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйыны өтөт. Анда 2 маселе каралмакчы.

Биринчиси - мамлекеттик кызматка талапкерлердин "Кыргызтест" аркылуу кыргыз тилин билүү деңгээлин жана көлөмүн аныктоо маселеси. Анда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Медербек Аким уулу, "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская баяндама жасайт.

Экинчи карала турган маселе - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызы. Каржы жана Экономика министрликтеринин өкүлдөрү учурдагы экономикалык абал тууралуу маалымат беришет.

Буга чейин парламенттин Бюджет жана финансы комитети өлкөнүн тышкы карызын талкуулаган. Алынган насыя, гранттар кантип иштетилип жатканы, карызды кайтаруу жолдору боюнча өкмөт маалымат берген. Учурда Кыргыз Республикасынын жалпы карызы 4 миллиард 700 миллион долларды түзөт. Мунун 45 пайызы Кытайдын Экспорт-импорттук банкынан алынган. Ички карыз 600 миллион доллардын тегерегинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан