Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу 12-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйындын жыйынтыгы боюнча премьер-министрлер Шанхай кызматташтык уюмунун 2019-жылга карата бюджети жөнүндө, уюмдун мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу жөнүндө жана ШКУга мүчө мамлекеттердин аймактар аралык кызматташуусун өнүктүрүү программасын даярдоо жөнүндө документтерге кол коюшту.
Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө Шанхай кызматташтык уюмунун азык-түлүк коопсуздугу боюнча кызматташуу программасы жактырылып жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу мекемелер ортосунда чек аралык эпизоотикалык ооруларды биргелешип алдын алуу жана көзөмөлдөө тармагында техникалык кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.