Бүгүн экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун жарандыгы тууралуу соттук отурум өтөт

Бүгүн, 16-октябрда саат 16:00дө Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун жарандыгы тууралуу алдын ала угуу улантылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПдан билдиришти.

Маалыматка караганда, отурум Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда болуп өтөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алган деп тапкан. УКМКнын пикири боюнча, Кулматов 1995-жылы СССРдин жараны деген паспортун жоготуп жиберип, Орусия Федерациясынын паспортун алган. "1996-жылдын 26-ноябрында СССР жараны делген паспорту менен Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунан мыйзамсыз Кыргыз Республикасынын жараны деген паспорт алган. Кийин ал паспортторун 2001, 2003 жана 2013-жылдары жаңылаган", - деп билдирген УКМК.

Ал эми жактоочу Сергей Слесарев Кулматовго "Орусиянын жараны болуп туруп 1990-жылдары Кыргыз жарандыгын алган" деп иш козгоо туура эмес деп пикирин айткан. "Эгер ал чын эле ушундай кылган болсо, мыйзамда көрсөтүлгөн кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткен, Кулматовго тагылган берененин мөөнөтү 1 жылдан 3 жылга чейин гана. Ал эми учурда ортодон 20 жылга жакын убакыт өтсө дагы иш мыйзамга карабай козголууда", - деген Слесарев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан