Өткөн айда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги айрым былык иштерди ачыкка чыгарып, журналисттерге маалымат жыйын курган. Элчи сөзүн баштап жатып, бул маалыматтар боюнча буга чейин Тышкы иштер министрлигине, УКМКга жана президенттик аппаратка бир нече ирет кайрылып, тийиштүү реакция болбогондуктан өлкө башчысына түз жеткирүү максатында төртүнчү бийликке кайрылганын билдирген.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "ТИМ жашырса, УКМК иликтеп аягына чыгарбай койсо, президент көңүл бурбаган соң мамлекеттик деңгээлдеги кылмыштар тууралуу маалыматты элге жарыялаган туурабы?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.
Ал мамлекеттик деңгээлдеги кылмыштар тууралуу маалыматты элге жарыялоону туура деп эсептейт.
“Маалыматты элге жарыялаган эң акыркы ыкма болуп эсептелет. Эч ким анын кайрылуусун карабай, үнүн укпай койган учурда миңдеген кишилер бул ыкманы колдонот. Тийиштүү органдар реакция жасабаса, айла жок маалымат каражаттарына жарыялашат. Биз дагы, укук коргоочулар бул ыкманы колдонобуз. Унчукпай коё турган болсок, кээ бир учурларда таптакыр иш башка жакка бурмаланып калат. Адилеттүүлүк болсун, иш аягына чейин чыксын деп коомчулукка маалыматты жарыялоо туура. Ошондо гана укук коргоо органдары бул иш элдин оозуна алынып калды деп реакция жасай баштайт”, - дейт Карасартова.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, укук коргоочу Калича Өмүралиева, саясий серепчи Игорь Шестаков, саясат таануучу Эмил Жураев, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин пикири бул шилтемеде.