Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев кыргызстандыктарды Рамазан айы менен куттуктады

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев кыргызстандыктарды Рамазан айы менен куттуктады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Төмөндө куттуктоонун тексти:

   “Урматтуу мусулмандар! Урматтуу мекенибиздин жалпы жарандары! 

Баарыңыздарды 9-июлда башталуучу ыйык Рамазан айы менен чын ыкласымдан куттуктайм!

Рамазан айында орозо кармоо - исламдагы 5 парздын бири. Алла Таала Куранда: “Ким эгер ушул айга күбө болсо, орозо кармасын”,- деп айткан. Рамазан - ынтымактуулуктун, береке жана тынчтыктын айы. Алла Таала Рамазан айында пенделердин урушкандары болсо, жарашууну, орозо кармап кайрымдуулук иштерди жасоону, кичи пейил болуп, сооптуу амалдарды аткарууну, арам жолдордон алыстап, сабырдуу болууну талап кылат. 

     Урматтуу мекендештер!

Касиеттүү ыйык айдын келиши бардык мусулмандарга, өлкөбүзгө ынтымак, ыйман менен кубанычты тартууласын. Ылайым элибизде тынчтык, береке орносун. Рамазан айы баарыбызга куттуу болсун!”

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан