Өлкөбүздөгү эң көп нускалуу “Супер-Инфо” гезити өзүнүн Инстаграмдагы расмий баракчасына катталган достору үчүн #Бештичап оюнун жүргүзүп жатат. Оюндун шарттары эң жөнөкөй. “Супер-Инфо” гезитинин Инстаграмдагы баракчасында табышмак катылат. Анын жандырмагын окурмандар гезиттен табышы керек.
Гезиттин ар бир санында табышмактын жообун жазып толтуруу үчүн атайын орун бар. Ал жерге окурмандар өздөрүнүн аты-жөнүн жана гезиттен тапкан жоопту жазып, сүрөткө тартып Инстаграмдагы баракчасына #Бештичап хэштегин кошуп жайгаштырат.
Жаңы тапшырманы жаңы сандын номери менен белгилөөнү унутпаңыз. Бул тапшырманын хэштеги #Бештичап833 Ошондой эле аталган социалдык тармактагы гезиттин расмий баракчасын (@super_info_official) белгилөө керек.
Ар аптанын жума күнү башталган оюн шейшембиге чейин уланып, шейшембиде түз эфирде жеңүүчүлөрдү кокустан тандоо аркылуу аныкталат. Жыйынтыгында 10 бактылуу окурман 500 сомдон белекке ээ болот.