Иракта 92 жаштагы фермер Мусала Мохаммед аль-Муджамай өзүнөн 70 жаш кичүү кызга үйлөндү. Өлкөнүн ММКлары жарыялагандай, бул тойдун дагы бир өзгөчөлүгү - абышка өзүнүн 16-17 жаштагы неберелери менен бир күндө түгөйүнө баш кошту. "Мен өз неберелерим менен бир күндө үйлөнүп жатканыма аябай бактылуумун. Өзүмдү 20 жаштагыдай сезип жатам",- дейт аль-Муджамай. Абышканын мурдагы кемпири мындан 3 жыл мурун каза болгон экен. Учурда алардын 16 уул-кызы бар. Ал эми жаңы тойго жергиликтүү аксакалдар, уруу башчылары катышты.