"Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик жан сакчылары азайтылды" деп тараган маалымат боюнча УКМК жооп берди

Интернет желесинде экс-президент Алмазбек Атамбаевге мамлекет тарабынан берилген күзөтчүлөрдүн саны кыскарды деген маалымат тароодо. Бул тууралуу УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановго кайрылганыбызда, ал SUPER.KG`ге бул маалымат жалган экенин билдирди.

"Алмазбек Атамбаевдин күзөтчүлөрүнүн саны кыскарганы тууралуу айтылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Кыскартуу Көчмөндөр оюндары жүрүп жаткан учурда болгон. Азыркы учурда экс-президенттер Алмазбек Атамбаевдин да, Роза Отунбаеванын да күзөтчүлөрү жетиштүү деңгээлде", - деди Сулайманов.

Ал эми КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул маалымат тууралуу SUPER.KG`ге төмөндөгүлөрдү билдирди:

"Экс-президенттин жан сакчыларынын саны канча экендигин айта албайм. Бүгүн алардын саны бир кыйла азайгандыгы байкалды. Азайтууга эмне себеп болгонун билбейм. Бул боюнча УКМКга кайрылуу ниетибиз жок".

Интернет айдыңында экс-президенттин 8 күзөтчүсү болгондугу, учурда алар 6 кишиге кыскарганы жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан