Экс-президент Алмазбек Атамбаев 28-октябрга чейин Орусияга иш сапары менен кеткени маалымдалды. Бирок айрым маалымат булактарында аны кайтып келбейт деген божомолдор айтылууда.
Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Атамбаевдин өлкөгө кайтып келбешине кимдер кызыкдар?" деген соболуна саясий серепчи Бакыт Бакетаев жооп берди.
Бакетав "Алмазбек Атамбаев келбей койсо өлкөдөгү саясий чыңалуу жоголот, чыңалуунун жоголушу мамлекетти тоноп жаткандарга пайдалуу" деген пикирде.
“Өлкөдө дайыма кайчы пикирлештер болуш керек. Эгерде Атамбаев өлкөгө кайра келбей койсо, бир гана Адахан Мадумаров калат. Кандай падыша болбосун ага кайчы пикирлеш болуш керек, жок болсо аны жасаш керек. Ошондо биз чындыкты таба алабыз. Бардыгы эле бир тарап боло берсе, бийлик адашып кетиши мүмкүн. Атамбаевдин кезинде да кайчы пикирлештер болгон, ар кандай коррупциялык иштер ачылып чындык чыгып жатат. Азыр да болушу керек.
Атамбаев кайра келсе саясий кырдаал дайыма курч болуп турат. Келбей койсо, кырдаал салкындай түшөт. Саясий тирештин болбой калышы "мамлекетти тоноп алам" дегендерге жакпай калышы мүмкүн. Себеби тирешүүлөр ошол нерсенин ачылышына алып келет. Падышалардын жанында саясатты жамынып алып, сол чөнтөккө акча салгандар болуп келген, азыр да бар. Мына ошол Атамбаевдин келбей коюшуна кызыкдар. Атамбаевдин мүнөзү курч, эзотерикалык мүнөзгө ээ. Мындай мүнөздүүлөрдү алдын ала айтыш өтө кыйын. Мындай адамдардын кандай чечим чыгаруусун өздөрү гана билет”, - деди Бакетаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Иса Өмүркулов, Тазабек Икрамов, саясат таануучу Марс Сариев, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.