Улукбек Кочкоров 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, Сооронбай Жээнбековдун 10 атаандашынын бири болгон. Шайлоонун жыйынтыгында Кочкоров 6-орунду ээлеген. Бүгүн анын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына көрсөтүлгөнү белгилүү болду.
Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Дагы кайсы адамдар өкмөткө келиши керек деп ойлойсуз?" деген соболуна Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбековдун пикири төмөндөгүдөй болду.
Аскарбековдун пикиринде, бийлик жаш жана жаңы кадрларга ишеним артуу менен элге жаны үмүт берди.
“Улукбек Кочкоров жана Азамат Жаманкуловдун министрликке талапкер катары аттары аталганы социалдык тармактарда эле эмес, жалпы журт арасында дагы ишенимди, үмүттү пайда кылды.
Улукбек Кочкоров өзүнүн кесипкөйлүгү менен жана эл үчүн күйгөн адам катары белгилүү. Жаш жана билимдүү кадрларды кызматка көрсөтүү менен бүгүнкү бийлик көптөгөн жаңы муундун өкүлдөрүнө жаңы дем берди деп белгилеп кетким келет. Акыркы кадрдык өзгөрүүлөр “саясий аренада сапаттуу жаңылануу керек” деген чакырыкка туура келип жатат. Биз жаңы муундун өкүлдөрү 8 жылдан бери ушул чакырыкты таштап келебиз, бизге сапаттуу жаңылануу керек. Мына бүгүн ошол кадамдарды бийлик таштап жатат. Бул нерсеге сүйүнүү менен карап турабыз. Менин оюмча, мындан жакшы ийгиликтер болот.
Ошол эле кезде президенттикке талапкер катары чыккан Таалатбек Масадыковдубелгилеп койсок болот. Бул адам эл аралык мамилелерде тажрыйбасы бар, жаңы көз караштагы кадр экенин айтсак болот. Ошондой эле Адил Турдукулов, Тимур Саралаев, Айбек Бузурманкулов деген 10 жылдан бери саясий-коомдук иштерге активдүү аралашып, өз позициясынан тайбай келе жаткан мыкты жигиттер бар. Ушуга окшогон адамдарга бийлик кызмат берип, иштетсе болот. Бул адамдар жок дегенде ыплас иштерге аралашпай иштеп беришет. Президенттин коррупция менен күрөшүүгө болгон чакырыгынын аткарылышына көмөк кыла турган адамдар ушулар”, - деди Аскарбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Айтмамат Назаров, Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, “Мекен ынтымагы” партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков, “Замандаш” саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов, саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири бул шилтемеде.