Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев: "Кызматтарга кимдер эмес, кандай адамдар келгенине басым жасашыбыз керек"

Улукбек Кочкоров 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, Сооронбай Жээнбековдун 10 атаандашынын бири болгон. Шайлоонун жыйынтыгында Кочкоров 6-орунду ээлеген. Бүгүн анын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына көрсөтүлгөнү белгилүү болду.

Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Дагы кайсы адамдар өкмөткө келиши керек деп ойлойсуз?" деген соболуна саясат таануучу Сейтек Качкынбаев жооп берди.

Качкынбаевдин пикиринде, парламенттик башкарууда кызматтарга талапкер депутаттардын арасынан көрсөтүлүүгө тийиш.

“Парламенттик башкаруу системинде кызматка "кимдер келиш керек" деп эмес, "кандай адамдар келиш керек" деген суроону коюшубуз зарыл. Парламенттик башкарууда министрлик, агенттиктердин жетекчилигине депутаттардын арасынан дайындалышы керек. Бүгүнкү күндө өкмөт башчылык кызматта Иса Өмүркулов отурушу керек болчу. Азыркы учурда сырттан эле адамдар көрсөтүлүп, ошол адамдар дайындалууда. Депутаттардын арасынан болсо алар эл шайлаган, элдин элегинен өткөн адамдар.

Улукбек Кочкоровдун талапкерлигинин сунушталышы жаман көрүнүш эмес. Анын кадыр-баркы кандай экенин, таза жигит экенин баарыбыз билген үчүн суроо жаралган жок. Башка бирөө болгондо, албетте, коомчулукта суроо жаралмак. Бирок кандай болбосун, баары эреже менен кеткени зарыл. Себеби дегенде сырттан талапкер көрсөткөндө, тараптарда кызыкчылыктар жаралышы мүмкүн.

Коомчулуктун да пикирин эске алуу туура. Бирок бизде калыптанган эреже бар. Мисалы, саат 11ден 40 мүнөт өткөнүн эч ким талашпайт да, себеби бул калыптанган эреже бар. Ошол сыяктуу эле биз дагы ошондой эрежени калыптандырышыбыз керек”, - деди Качкынбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Айтмамат Назаров, Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, “Мекен ынтымагы” партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков, “Замандаш” саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов, Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан