Улукбек Кочкоров 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, Сооронбай Жээнбековдун 10 атаандашынын бири болгон. Шайлоонун жыйынтыгында Кочкоров 6-орунду ээлеген. Бүгүн анын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына көрсөтүлгөнү белгилүү болду.
Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Дагы кайсы адамдар өкмөткө келиши керек деп ойлойсуз?" деген соболуна “Мекен ынтымагы” партиясынын төрагасы Темирбек Асанбековдун жообу төмөндөгүдөй болду.
Асанбековдун билдиришинче, өлкөдө кадр саясаты өнүктүрүү стратегиясына эмес, саясий кырдаалга ылайык чечилип жатат.
“Мамлекеттик кадрларды тандоо маселеси саясий коньюнктуранын талабына жараша чечилип жатат. Илимий чечимдин негизинде аныкталган улуттук экономикабызды өнүктүрүү стратегиясы жок. Бийлик бутактарын күчтөндүрүү процесстери гана жүрүп жатат.
Азыркы бийлик институттарындагы кадрларды алмаштыруунун себеби - саясий коомдук туруктуулукту акыркы күндөргө чейин көзөмөлдөп келген КСДП партиясынын ичиндеги тирешүүлөрдөн келип чыккан оор саясий маселе. Азыркы бийликтегилер ич ара жеке келишпестиктерден улам президенттик шайлоодогу саясий жеңиштерин жокко чыгарып алышты. Ошондуктан алдыда келе жаткан парламенттик шайлоодо саясий таасирлерин күчтөндүрүү максатында кадр саясаты иш жүзүнө ашырылып жатат. Бул көрүнүштү Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүктү алгандан бери эле келе жаткан саясий каталары деп эсептейм. Эртели кеч саясий-экономикалык кырдаал мындан да оор абалга такалат”, - деди Асанбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Айтмамат Назаров, Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, “Замандаш” саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов, Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири бул шилтемеде.