Улукбек Кочкоров 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, Сооронбай Жээнбековдун 10 атаандашынын бири болгон. Шайлоонун жыйынтыгында Кочкоров 6-орунду ээлеген. Бүгүн анын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына көрсөтүлгөнү белгилүү болду.
Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Дагы кайсы адамдар өкмөткө келиши керек деп ойлойсуз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев жооп берди.
Жээнчороевдин пикири боюнча, президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоодогу бардык атаандаштары элдин добуштарына ээ болгондуктан, алар өкмөттөгү кызматтарга татыктуу.
"Ошол эле Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Адахан Мадумаров - алардын бардыгы коомдук-саясий ишмерлер. Алар шайлоого өз программалары менен катышкан. Бүгүнкү күндө Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдындагы бир эле өзүнүн убадаларын эмес, атаандаштарынын убадаларын да аткара баштады. Буга жакшы баа бериш керек. Ошол эле коррупцияга каршы күрөш боюнча уюшкан жогорку кызматтагы адамдардын аракеттери боюнча убадаларды ишке ашырып жатат", - деди депутат.
"Шайлоодо Улукбек Кочкоров Жээнбековдун саясий атаандашы болгон. Бардык талапкерлер эл үчүн, элдин жашоо-шартын өзгөртүү үчүн шайлоого катышкан. Ошол себептен алар бири-бирине жеке атаандаш эмес, көз караштар боюнча атаандаштар болгон. Кочкоровдун министр кызматына көрсөтүлүшү - бул жакшы жышаан, колдоого ээ саясий маданияттын жакшы көрүнүштөрүнүн бири", - деди Жээнчороев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Айтмамат Назаров, Исхак Масалиев, “Мекен ынтымагы” партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков, “Замандаш” саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов, Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири бул шилтемеде.