Улукбек Кочкоров 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, Сооронбай Жээнбековдун 10 атаандашынын бири болгон. Шайлоонун жыйынтыгында Кочкоров 6-орунду ээлеген. Бүгүн анын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына көрсөтүлгөнү белгилүү болду.
Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Дагы кайсы адамдар өкмөткө келиши керек деп ойлойсуз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров жооп берди.
Ал жетекчи кызматтарга кесипкөй адамдар келиши керектигин айтты.
"Кадрлар кызматка партиялык кызыкчылык менен келгени бир аз туура эмес экен. Муну тажрыйбабыздан көрүп турабыз", - деди Назаров.
"Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин өкмөт башчы сунуштайт. Биз ага ишеним көрсөттүк, өкмөттү түзгөнбүз. Кочкоровду алып келгенден кийин ал жоопкерчиликтүү болуп, өз тармагы үчүн өзү жооп бериши керек. Сыртта туруп алып, жасалып жаткан ишти сындаш оңой. Ишке келип, аны аткарыш өтө кыйын. Ким катуу кыйкырып сындап койсо, ошону кыйын деген туура эмес. Сындаган - бул бир, кызмат жасаган - бул таптакыр башка. Ошон үчүн коомчулукка популярдуу болуп көрүнүп жаткан адамдар жумушка келгенде колунан эч нерсе келбей калышы мүмкүн", - деген ойдо Назаров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, “Мекен ынтымагы” партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков, “Замандаш” саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов, Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири бул шилтемеде.