Депутат Исхак Масалиев: "Кадрларды сырттан алып келгенде дароо жетекчи кызматка койбой, 5-10 жыл иштетип тарбиялаш керек"

Улукбек Кочкоров 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, Сооронбай Жээнбековдун 10 атаандашынын бири болгон. Шайлоонун жыйынтыгында Кочкоров 6-орунду ээлеген. Бүгүн анын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына көрсөтүлгөнү белгилүү болду.

Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Дагы кайсы адамдар өкмөткө келиши керек деп ойлойсуз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жооп берди.

Ал айрым учурда жетекчи кызматтарга тажрыйбасы жана адистиги жок кишилер дайындалып жатканын айтты.

"Аткаруу бийлигинин башчысы премьер-министр болгондон кийин ал өзү кимдер менен иштей турганын тандайт. Көптөгөн улан-кыздарыбыз сыртта эмгектенишет. Ошолорду өкмөткө тартыш керек. Бирок бир нерсени эске алуу зарыл: сырттан алып келгенде дароо жетекчи кызматка койбой, жок дегенде 5-10 жыл иштетип тарбиялаш керек. Алып келип төргө отургузуу керек деген ойдон алысмын. Эгер чет өлкөдө чоң ишке аралашып ийгиликтерге жетсе бир жөн, анда кайсы бир чарбага жөнөтсө болот. Ал эми мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүгү бар.

Улукбек Кочкоров тууралуу айтсам, эгер аны социалдык маселелер боюнча жетекчи кылса, ката болбойт. Ал чыныгы патриоттордун бири жана келечеги жакшы", - деди Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Айтмамат Назаров, Мирлан Жээнчороев, “Мекен ынтымагы” партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков, “Замандаш” саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов, Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан