Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коёналиев кызматтан бошотулду

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коёналиев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Буга чейин сентябрь айында Коёналиев кызматынан өз каалоосу менен кете тургандыгы боюнча арызын жазып бергенин айрым жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Буга негизги себеп катары ал Көчмөндөр оюндарынын уюштуруу иштеринде пассивдүү иш алып барган деп түшүндүрүшкөн. Бирок бул маалыматты президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева четке каккан.

Туруспек Коёналиев 1962-жылы 28-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында туулган. Президенттин иш башкармалыгынын башчысы кызматын 2010-жылдын сентябрь айынан тарта аркалап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан