КСДПнын өкүлү "Иса Өмүркулов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураанды колдойт" деген маалымат боюнча пикирин билдирди
КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева "фракция лидери Иса Өмүркулов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураанды колдойт" деген маалымат боюнча пикирин кабарлады.
Кундуз Жолдубаева SUPER.KG порталына билдиргендей, "КСДП Атамбаевсиз" деп жыйын уюштуруп жаткандардын КСДПга тиешеси жок, алар партиянын мүчөсү дагы эмес. "Мисалы, Данияр Тербишалиев ал 2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмесинен парламенттик шайлоого аттанган. Эркингүл Иманкожоева дагы "Ата Мекен" партиясынын тизмесинде жүрөт. Сагынбек Абдрахманов партиядан былтыр саясий кеңештин чечими менен четтетилген.
Иса Өмүркулов аларды колдогону боюнча маалыматты азырынча тастыктай элек. Бирок ушул тапта партиянын айланасындагы көрүнүштөр КСДПнын 25 жылдык тарыхында биринчи жолу эле болуп жаткан жок. Партияда мурда дагы саткындар, өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн уйгактар болуп келген. Азыркы болуп жаткан оюндардын артында чоң күчтөр турат. Алар партияны бөлүп жарганга кызыкдар. Бул ыплас кыймыл-аракеттерден майнап чыкпайт. Анткени КСДПны Атамбаевсиз элестеткенге болбойт", - деди Жолдубаева
Буга чейин "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен жыйын өткөрүп жүргөн активисттер Өмүркулов менен жолугушуу өткөрүп, фракция лидери аларды колдоду деп маалымат тараткан.
Иса Өмүркулов өткөн жолугушуу боюнча SUPER.KG порталынын берген суроосуна жооп берүүдөн баш тартып, "кийин сүйлөшөлүчү" деп айтты.
Активист Сагынбек Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДПнын лидерлигинде отурууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып, Талас, Нарын, Чүй, Жалал-Абад облустарында жыйындардыөткөргөн.