Экс-депутат Асия Сасыкбаева: "Илмияновго козголгон кылмыш ишине бүгүнкү бийликтеги адамдар дагы малынган болушу мүмкүн"

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы, мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал 19-октябрда Орусиядан кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган. Илмияновго козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы азыркы күнгө чейин белгисиз. УКМКнын басма сөз кызматы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча эч кандай маалымат берилбей турганын айтышууда. SUPER.KG порталынын "Буга чейин мурунку чиновниктерге каршы козголгон кылмыш иштери коомчулукка кеңири жарыяланып келе жаткан. Илмияновдун ишинин сырдуулугу эмнеде болушу мүмкүн?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева жооп берди.

Ал Илмиянов мамлекеттин кызыкчылыгын саткан болсо, анда кандайча сатканы жашыруун болушу мүмкүн деген пикирин айтты.

"Илмияновго козголгон кылмыш ишине бүгүнкү бийликтеги адамдар дагы малынган болушу керек. Ошон үчүн ачыкка чыкпай жатат. Андан башка кандай жашыруун маалымат болмок эле. Илмияновдун ишине УКМКнын, ИИМдин, аткаруу бийлигинин ичиндегилердин, айрым депутаттардын тиешеси болушу мүмкүн. Ошон үчүн ачыктабай жатышат.

Мамлекеттин кызыкчылыгын саткан болсо, анда кандайча сатканы боюнча маалымат жашыруун болушу мүмкүн", - деди Сасыкбаева.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Жунус уулу, Мирлан Жээнчороев, Руслан Казакбаев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басарыАртур Медетбеков, саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан