Саясат таануучу Орозбек Молдалиев: "Илмияновго козголгон кылмыш иши боюнча коомчулукка толук маалымат берилбей, бүдөмүк ойлор жаралып жатат"

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы, мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал 19-октябрда Орусиядан кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган. Илмияновго козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы азыркы күнгө чейин белгисиз. УКМКнын басма сөз кызматы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча эч кандай маалымат берилбей турганын айтышууда. SUPER.KG порталынын "Буга чейин мурунку чиновниктерге каршы козголгон кылмыш иштери коомчулукка кеңири жарыяланып келе жаткан. Илмияновдун ишинин сырдуулугу эмнеде болушу мүмкүн?" деген соболуна саясат таануучу Орозбек Молдалиев жооп берди.

Ал Илмияновго кылмыш иши козголуп, кармалгандан кийин маалымат толук берилиши керек деген пикирде.

"Илмияновго "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп жаткандан кийин кимди алдаганы, кандай маселе болгону азырынча айтылбай жатат. Жактоочусу, УКМК кийин маалымат бериле турганын айтышты. Бирок бүгүнкү күнгө чейин маалымат бериле элек. Алар качан ачыкка чыга турганын элге так айтышы керек. Илмияновго кылмыш иши козголуп, кармалгандан кийин, эмнени жашырат? Бирок ушул ишке тиешелүү кармала элек адамдар болуп калса, анда маалымат жашыруун болушу мүмкүн. Кенен маалымат берилбей, бүдөмүк ойлор жаралып жатат", - деди Молдалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Жунус уулу, Мирлан Жээнчороев, Руслан Казакбаев, экс-депутаттар Асия Сасыкбаева, Равшан Жээнбеков, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан