Депутат Алтынбек Жунус уулу: "Илмиянов Айдар Акаев менен Максим Бакиевди кошкондон да ашып кеткен эле"

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы, мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал 19-октябрда Орусиядан кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган. Илмияновго козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы азыркы күнгө чейин белгисиз. УКМКнын басма сөз кызматы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча эч кандай маалымат берилбей турганын айтышууда. SUPER.KG порталынын "Буга чейин мурунку чиновниктерге каршы козголгон кылмыш иштери коомчулукка кеңири жарыяланып келе жаткан. Илмияновдун ишинин сырдуулугу эмнеде болушу мүмкүн?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу жооп берди.

Анын пикиринде, Илмияновдун камалышы азыркы президенттин жанындагыларга белги болушу керек.

"Илмияновдун иши сырдуу болуп жатат деген сөзгө кошула албайм. Илмияновдун ким экенин коомчулук билет. Убагында Акаевдин Айдары, оң колдору чеччү эле. Андан кийин Максим Бакиев чечти. Бул ошол экөөнү кошкондон да ашып кеткен. Кадр маселелеринен баштап, депутаттардын тизмесин түзгөнгө чейин аралашчу. “Алдамчылык” беренеси менен иш козголду деп жатышат. Илмиянов өзүм билемдик кылып, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын менчигиндей кылып эле өзүнө жакпаган оппоненттерине буюртма бергенин көрдүк. Атамбаевдин президенттигинин акыркы 2 жылында Илмияновдун ким экендигин коомчулук ачыктан-ачык билип калган. Бул эч кандай сыр болбосо керек. Илмияновго каршы чыккандан коркуп турушкан. Ал камалды дегенде азыркы президент коррупцияга каршы күрөшөм деген чын ниети бар экенин далилдеди. Бүгүнкү күндө сырдуу болуп жатса дагы тергөө иштеринен кийин купуя болуп турган көп нерселер ачылат. Шоопурдун ким экенин баарыбыз билебиз. Бир ирет журналисттер менен Баткенге барып, бир подрядчикке “жакшы салбасаңар, мен силерди каматып коём” деген. Илмиянов өзүнчө эле хан болуп калган да. “Мен силерди каматып коём” деп ким сүйлөйт? Эми ошондой иштери үчүн көп адамдар коркпой кайрылат деп ойлойм. Буга чейин Илмиянов партияны бейрасмий түрдө башкарып жүрдү. Илмияновдон бата алган кишилер кызматка отуруп келгенин билебиз. Илмияновдун камалышы азыркы президенттин жанында жүргөндөргө, өкмөттөгүлөргө белги болушу керек. Алар кылмыш кылса баары бир камалышын билиши шарт", - деди Жунус уулу.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Руслан Казакбаев, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан