Депутат Руслан Казакбаев: "Илмияновдун эмне үчүн камалганын УКМК убагы келгенде жарыялайт"

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы, мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал 19-октябрда Орусиядан кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган. Илмияновго козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы азыркы күнгө чейин белгисиз. УКМКнын басма сөз кызматы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча эч кандай маалымат берилбей турганын айтышууда. SUPER.KG порталынын "Буга чейин мурунку чиновниктерге каршы козголгон кылмыш иштери коомчулукка кеңири жарыяланып келе жаткан. Илмияновдун ишинин сырдуулугу эмнеде болушу мүмкүн?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев жооп берди.

Ал Илмияновдун кылмыш иши боюнча жалпыга малымдоо каражаттарынан окуганын айтты.

"Икрамжан Илмияновдун Дубай, Нью-Йоркко учуп бараткан жеринен Москвадан кармалып, УКМК тарабынан ыкчам иштер жүргүзүлүп алып келингенин жалпыга маалымдоо каражаттарынан уктум. Соттун чечими менен 1 айга УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилиптир. Ишкерлердин арызы бар экен, “алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголгонун уктум. Андан башка кандай сырдуу иштер бар экенинен менин маалыматым жок. Бирок Икрамжан Илмияновдун тегерегинде сырдуу иштер бар экен деген сөздөр коомдо боло бериши мүмкүн. Себеби экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдары болуп көп жыл иштебедиби. Президенттик аппарат башчысынын орун басары болду. Алмазбек Шаршеновичтин кеңешчиси болуп иштеди. Анан эми мындай сөздөр боло берет да. Убагы келгенде укук коргоо органдары, УКМК жарыялайт го деп ойлойм. Ушактарга комментарий бере албайм", - деди Казакбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттар Алтынбек Жунус уулу, Мирлан Жээнчороев, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басарыАртур Медетбеков, саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан