Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясы Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен соода-сатык алакасындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесин карайт.
Жыйынга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган бир катар министрлер, мамлекеттик кызматтардын төрагалары чакырылган.
Акыркы убактарда Кыргыз өлкөсүнүн дүң базарларында айыл чарба азыктары арзан баада сатылууда. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев коңшу өлкөлөрдө түшүм мол болгонуна байланыштуу айыл чарба азыктарынын экспорттолбой жатканын айткан. Ал эми базардагы дыйкандар эмгеги акталбай калгандыгына нааразы.