Кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдигине 2015-жылы кирген. Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков акыркы 8 ай аралыгында Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон соода-сатыктын көлөмү 3,1 пайызга азайганын айтты. Аталган биримдикке мүчө мамлекеттер менен болгон соода-сатык алакасындагы тоскоолдуктарды жоюу маселеси жабык эшик артында каралды. Депутаттар Кыргыз өлкөсүнүн айрым талаштуу позициясы биримдикке мүчө өлкөлөргө ачыкталып кетпеши үчүн жыйын жабык өткөнүн айтышты.
SUPER.KG порталынын "Кыргыз мамлекети ЕАЭБдин курамына кирип, эмне тапты?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жооп берди.
Ал белгилегендей, Кыргыз мамлекети экономикалык жактан Орусия, Казакстанга теңеле албайт.
"ЕАЭБ саясий биримдик болуп калды. Экономикалык жактан биз Орусия, Казакстан менен теңеле албайбыз. Биздин экономикабыз чакан. Бул биримдикке киргенде 180 миллион эли бар рынок ачыла турганы айтылган. Бизге Казакстан, Орусиянын продукциялары келип жатат. Ал эми Кыргыз мамлекети продукцияларын чыгара албай жатат.
Бирок ошол эле учурда аталган биримдикке киргенден тарта Кыргыз мигранттары жумушка орношкондо жеңилдиктер болуп жатат. Мигранттар Кыргыз мамлекетине акча которуп жатышат. Жаңы үйлөр курулууда. Бул жагынан алып караганда бизге пайда жактары бар", - деди Бекешев.
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров, өкмөттүн Евразия экономикалык биримдигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков, экономисттер Улан Адамалиев, Кубан Чороев, саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.