Кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдигине 2015-жылы кирген. Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков акыркы 8 ай аралыгында Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон соода-сатыктын көлөмү 3,1 пайызга азайганын айтты. Аталган биримдикке мүчө мамлекеттер менен болгон соода-сатык алакасындагы тоскоолдуктарды жоюу маселеси жабык эшик артында каралды. Депутаттар Кыргыз өлкөсүнүн айрым талаштуу позициясы биримдикке мүчө өлкөлөргө ачыкталып кетпеши үчүн жыйын жабык өткөнүн айтышты.
SUPER.KG порталынын "Кыргыз мамлекети ЕАЭБдин курамына кирип, эмне тапты?" деген соболуна өкмөттүн Евразия экономикалык биримдигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков жооп берди.
Ал билдиргендей, аталган биримдикке киргенде чоң базар түзүлдү.
"Чоң базарга чоң инвесторлор келет. Ошол инвестициялык жагынан биздин өлкөбүз дагы бир потенциалды алып жатат. Мындан тышкары бир нече жылдан бери сырткы соода жүгүртүүбүз өсүп келе жатат. Көрсөткүчтөр боюнча, соода жүргүзүү 2017-жылы 12,2 пайызга өстү. Анын ичинен экспорт 12,1 пайызга өстү, ал эми импорт болсо 12,4 пайызга өстү. 2015-2017-жылдары ички дүң продукциясынын өсүшү 4,2 пайызды түздү. Бул абдан жакшы көрсөткүчтөрдүн бири. Мындан тышкары Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду түзүлдү. Ал фонддун капиталына 500 миллион доллар бөлүнгөн, дагы 500 миллион доллар алып келгенге мүмкүнчүлүк бар. Мындан тышкары Орусия тарабынан 200 миллион доллар жардам алдык. Бул толугу менен грант болуп келди. Ал 200 миллион доллар эмнеге кетет? Кытай, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрү менен чек арада болгон өткөрмө пункту толугу менен жабдууланды. Мындан тышкары бир нече лабораториялар жаңы курулуп, кээ бири модернизацияланды. Бүгүнкү күндө бажы биримдигине киргенден баштап Казакстан, Орусия ортосунда бажы көзөмөлү, фитосанитардык көзөмөл алынды. Азыр биздин соода-сатыгыбыз эркин жүрүүдө.
2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча, биздин соода-сатыгыбыздын жалпы көлөмү 4 миллиард 276 миллион долларды түздү. Бул 2017-жылдын 9 айына салыштырганда 9,5 пайызга өстү. Анын ичинен ЕАЭБ өлкөлөрүнө болгон соода жүгүртүүбүз 3,5 пайызга төмөндөп кетти. Бирок ошол эле учурда ЕАЭБге болгон экспортубуз 5,2 пайызга көбөйдү. Көлөмүн айта кетсем, жалпы экспортубуз 1 миллиард 37 миллион доллар болгон. Анын ичинен 387,5 миллион доллар - бул ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге болгон экспорт. Жалпы ЕАЭБге болгон соода-сатыктын көлөмү азайды. Анткени импорттун көлөмү азайды. Бирок экспорттун көлөмү көбөйдү. Импорттун азайып, экспорттун көбөйүшү - бул жакшы көрсөткүч", - деди Сазбаков.
Жогорку Кеңештин депутаттар Дастан Бекешев, Максат Сабиров, экономисттер Улан Адамалиев, Кубан Чороев, саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.