Саясий серепчи Нурсултан Акылбек: "Өкмөт ЕАЭБдин потенциалын максималдуу түрдө колдоно албай жатат"

Кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдигине 2015-жылы кирген. Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков акыркы 8 ай аралыгында Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон соода-сатыктын көлөмү 3,1 пайызга азайганын айтты. Аталган биримдикке мүчө мамлекеттер менен болгон соода-сатык алакасындагы тоскоолдуктарды жоюу маселеси жабык эшик артында каралды. Депутаттар Кыргыз өлкөсүнүн айрым талаштуу позициясы биримдикке мүчө өлкөлөргө ачыкталып кетпеши үчүн жыйын жабык өткөнүн айтышты.

SUPER.KG порталынын "Кыргыз мамлекети ЕАЭБдин курамына кирип, эмне тапты?" деген соболуна саясий серепчи Нурсултан Акылбек жооп берди.

Ал аталган биримдикке карата Кыргыз өкмөтү жоопкерчиликсиз мамиле жасап жатат деген пикирде.

"Биз ЕАЭБге даяр эместигибизге карабай чоң үмүттөр менен кошулганбыз. Сын жөндөн-жөн эле пайда болгон жок. Анткени биздин өкмөт ЕАЭБдин потенциалын максималдуу түрдө колдоно албай жатат. Инвестиция тартуу, жарандардын укугун коргоо начар жүрүүдө. Өкмөт Кыргыз мамлекетинен уюмга мүчө өлкөлөргө кеткен экспортту коргой албай жатат.
Таң калычтуусу, биз ЕАЭБге киргенибизге бир нече жыл болду, бирок Евразия экономикалык комиссиясынын структурасы жана функциясы менен биздин депутаттар өткөн жумада гана Москвадан таанышып келишти. Бул биз тараптын уюмга болгон абдан чоң жоопкерчиликсиз мамилесинин белгиси.
Мисалы, Өзбекстан биримдикке кирбесе да, Орусия менен 27 миллиард долларлык келишимге жетише алды. Биз мындай долбоорлорду, тилекке каршы, сунуштай албай жатабыз. Ошондуктан биздин өкмөт ЕАЭБдин ичинде мамлекетибиздин кызыкчылыгын, жарандарыбыздын укугун коргошу керек. Экспортубуз тоскоолдуктарга учурабашы зарыл. ЕАЭБдин стандартына тез арада өтүшүбүз керек. Бул уюмдун потенциалы чоң, бирок аны биз колдоно албай жатабыз. Сындар ушул жактан пайда болууда", - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттар Дастан Бекешев, Максат Сабиров, өкмөттүн Евразия экономикалык биримдигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков, экономисттер Улан Адамалиев, Кубан Чороевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан