Экономист Кубан Чороев: "ЕАЭБге киргендеги пайда биздин мигранттарга жеңилдетилген режим киргени болду"

Кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдигине 2015-жылы кирген. Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков акыркы 8 ай аралыгында Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон соода-сатыктын көлөмү 3,1 пайызга азайганын айтты. Аталган биримдикке мүчө мамлекеттер менен болгон соода-сатык алакасындагы тоскоолдуктарды жоюу маселеси жабык эшик артында каралды. Депутаттар Кыргыз өлкөсүнүн айрым талаштуу позициясы биримдикке мүчө өлкөлөргө ачыкталып кетпеши үчүн жыйын жабык өткөнүн айтышты.

SUPER.KG порталынын "Кыргыз мамлекети ЕАЭБдин курамына кирип, эмне тапты?" деген соболуна экономист Кубан Чороев жооп берди. Чороевдин пикиринде, ЕАЭБдин курамына кирген өлкөлөргө атаандаштык жаратыш үчүн узагыраак мөөнөт керек.

"Эң чоң пайда Орусия, Казакстанда эмгектенген мигранттарга жеңилдетилген режим кирди. Бажы союзуна киргенден кийин 5 жылдык аралыкта экономикада утулуулар боло турганы башында эле билинген. Себеби биздин экономиканын структурасы Орусия, Беларустун товарларына атаандаштык түзө албайт. Эгерде алыскы мөөнөттү ала турган болсок, аларга атаандаштык түзө тургандай моделди жаратып алабыз, узак мөөнөт ичинде өз позициябызды аныктап алууга жетишебиз. Ошондон кийин биздин өлкө кайсы тармактан атаандаштык жарата алса, ошол тармакты өркүндөтүп кетебиз. Мисалы, биздин жеңил өнөр жай тармагынан мүмкүнчүлүктөрүбүз кенен. Ошондо биз бардык багыт менен алектене бербей, өз ордубузду таба турган багыттарды тандайбыз. Бул процесс бат эле, 5 жылдык аралыкта болуп кетпейт да. Стратегиялык жактан биз, албетте, утушка ээ болобуз деген үмүттөмүн, а тактикалык жактан бүгүн утулуп жатабыз. Себеби биз даяр эмес болчубуз. Биз бул жолдон да өтүшүбүз керек болчу, ЕАЭБге кирген өлкөлөргө өз товарыбызды чыгарып, атаандаштык түзө алсак, анда башка өлкөлөргө да товар чыгарсак болот", - деди Чороев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Сабиров, Дастан Бекешов өкмөттүн Евразия экономикалык биримдигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков, экономист Улан Адамалиев, саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан