Каржы министри Адылбек Касымалиевге кетирген кемчиликтери үчүн сөгүш жарыяланды

Бүгүн, 26-октябрда өкмөттүн кезектеги жыйынында каржы министри Адылбек Касымалиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчётунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын" аткарууда кетирген кемчиликтери үчүн каржы министри Адылбек Касымалиевге сөгүш, анын орун басары Мирлан Байгончоковго катуу сөгүш жарыялады.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Эсептөө палатасынын отчётунда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар боюнча кызмат адамдарына тартиптик жоопкерчилик чараларын кабыл алууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан