ЖЫЛНААМА, 29-ОКТЯБРЬ: Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов 70 жашка толду

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов 1948-жылы 29-октябрда Фрунзе шаарында туулган. Ал 1971-жылы СССР ИИМнин Омск жогорку мектебинен жогорку юридикалык билимге ээ болсо, 1978-жылы Москва шаарындагы СССР ИИМнин академиясын “башкарууну уюштуруу” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгүн 1966-жылы Фрунзе шаарынын ИИБисинин өзүнчө полкунун ыкчам взводунда милиционер болуп иштөөдөн баштаган.
1971-1975-жылдары Кыргыз ССР ИИМнин кылмышкерлерди издөө башкармалыгында наркоманияга каршы күрөшүү боюнча бөлүмдүн инспектору, “А” бөлүмүнүн улук инспектору;
1978-1980-жылдары Кыргыз ССР ИИМнин кылмышкерлерди издөө башкармалыгында бөлүм башчысы;
1980-1984-жылдары Талас облустук ИИБнин башчысынын орун басары;
1984-1987-жылдары Талас облустук ИИБнин башчысы;
1987-1991-жылдары Кыргыз ССР ички иштер министринин орун басары;
1991-1992-жылдары ички иштер министри;
1992-жылы вице-президент;
1993-1997-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы;
1997-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук министри;
1998-1999-жылдары Бишкек шаарынын мэри;
2000-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 5, 6-бөлүктөрү (кылмыш жасоого көкүтүү жана көмөктөшүү), 315-беренеси (кызматтык жасалмалоо), 304-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 177-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш жасады деп айыпталып, камакка алынган.
2001-жылы Бишкек гарнизонунун аскердик соту аны 7 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кескен өкүм чыгарган.
2005-жылы Жогорку Соттун чечими менен толук акталган.
2005-жылы биринчи вице-премьер-министр;
2005-жылы премьер-министр;
2008-2009-жылдары Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорунун дирекциясынын жетекчиси;
2010-2015-жылдары “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
29-октябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан