ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгы бүгүн 36 жылдыгын белгиледи

Бүгүн, 9-июль күнү ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 36 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Анда министрликтин статс-катчысы Таалайбек Темиралиев, Бишкек шаардык мэриясынан жана башкармалык менен тыгыз кызматташкан мекемелер менен Жарандык коргоо кызматтарынын өкүлдөрү катышышты. Аталган иш-чарада өз милдеттерин үлгүлүү аткарып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга мыкты деңгээлде өз салымдарын кошкон ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери  мактоо баракчалары, Ардак грамоталар жана төш белгилери менен сыйланышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан