Ош шаарынын мэри "кадрдык маселеге Жогорку Кеңештин, шаардык кеңештин депутаттары аралашпасын" деп айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов "кадрдык маселеге Жогорку Кеңештин, шаардык кеңештин депутаттары аралашпасын" деп айтты. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда SUPER.KG порталына шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров тастыктады.

Анын айтымында, бүгүн Ош шаардык кеңештин жыйыны өттү. "Жыйында шаардык кеңештин айрым депутаттары кээ бир жетекчилерди кызматтан кетирүү керектигин айтышты. Анда мэр анын бул кызматка келгенине аз гана убакыт болгонун айтып, жетекчилердин иштегенин көрүп, жыйынтык чыгара турганын билдирди. Мэр кадрдык маселеге Жогорку Кеңештин, шаардык кеңештин депутаттары аралашпасын деген пикирин айтты", - деди Абсаттаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан