Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн 35 Кытай жараны депортацияланат. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жүргүзүлгөн рейд учурунда Аламүдүн районунда мыйзамсыз иштеп жүргөн 35 кытайлык жарандар кармалып, аларды 10 күн ичинде өз мекенине кайтаруу боюнча сот чечим чыгарган. Рейд Миграциялык саясат башкармалыгынын, ИИМдин жана “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин катышуусунда жүргүзүлгөн.