Саясат таануучу Даниел Кадырбеков: "Убадасын аткарбаган президентти же депутаттарды сотко берсе болот"

Өнүккөн өлкөлөрдө шайланган бийлик убадасын аткарбаса, коомчулук митинг жана пикеттер менен убадаларды аткаруусун талап кылат. Ал эми биздин мамлекетте шайлоо алдында президенттикке жана депутаттыкка талапкерлер "кыйратам, жыргатам, көйгөйлөрдү чечем" деп элди ишендирет, бирок шайлангандан кийин убадаларынын көбү куру сөз бойдон кала берет.

SUPER.KG порталы "Шайлоо алдындагы убадасын аткарбаган президентти же парламентти кантип жазалоого болот?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков төмөнкүдөй жооп берди.

Анын айтымында, сөзүнө турбаган мамлекеттик жетекчилерди жазалоонун эки жолу бар.

"Биринчиден, биз демократиялык контексттин ичинде сүйлөсөк, шайлоо алдында берген убадасын аткарбаганы үчүн шайланып келген президентти же депутаттарды кийинки шайлоо убагында шайлабай коюп жазалай турган бир инструмент бар. Саясатчыларга ишеним көрсөтпөө жазасы эң реалдуу болуп саналат.

Экинчиден, аларды сотко берсе болот. Мисалы, бир компания "3 айдын ичинде үйүңүздү бүтүрүп беребиз" деп убадалап, бирок 3 айдын ичинде бүтүрбөсө, аны сотко берип компенсация алса болот. Ушул эле логика менен депутаттарды же президентти эч кандай тоскоолдуксуз сотко берүүгө болот. Маселен, президент шайлоо алдында коррупцияны жеңем деген эле. Жарандардын тобу Коррупцияны кабылдоо боюнча дүйнөлүк индексине таянып же укук коргоо жана сот системиндеги коррупциянын абалын көрсөткөн статистикалык көрсөткүчтөргө таянып, бул убаданын аткарылганын же аткарылбаганын аныктай алат. Эгер коррупция азайбаса же көбөйсө, анда убада аткарылбаган болот, ошентип президентти сотко бергенге укуктуу. Бирок бизде муну эч ким иш жүзүндө кылып көргөн эмес. Мыйзам жагынан карасак, буга эч нерсе жолтоо болбойт", - деди Кадырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Алтынбек Сулайманов, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу, жарандык активист Адил Турдукулов, саясий ишмерлер Жеңиш Молдокматов жана Темирбек Асанбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан