Ысык-Көл. Бир суткада 3 өспүрүм катышкан 5 уурулук фактысы катталды

Ысык-Көл облусунда 9-июлда 3 өспүрүм уурулук кылмышына айыпталып колго түштү. ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун билдиришинче, Каракол шаарынын С.Адисбек аттуу тургуну Фольксваген Гольф-2 унаасынан дөңгөлөк жана башка керектүү жабдыктарын уурдатып жибергенин айтып милицияга кайрылган. Бул иш боюнча ыкчам издөөнүн натыйжасында Ак-Суу районунун Отуз-Уул айылынын тургуну, 19 жаштагы Данияр Ж. кармалып, анын жанынан уурдалган каражаттар табылган. Ошол эле күнү 14 жаштагы Каракол шаарынын Салынбек К. аттуу тургуну кармалып, уурулук боюнча эки фактыны мойнуна алган. Ал эми Ысык-Көл РИИБи тарабынан "Алтын-Кум" пансионатында эс алуучулардын буюмдарын, уюлдук телефондорун уурдап жүргөн деп шектелип Бишкек шаарынын Ислам М. аттуу тургуну кармалды. Ал жалпысынан 3 уюлдук телефон, "Canon" үлгүсүндөгү фотоаппарат уурдаганын моюнга алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан