КСДП: "Иса Өмүркуловду партиядан чыгарууда кворум болду"

КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов партиядан четтетилгенин кабыл алышы керектигин SUPER.KG порталына билдирди.

"Кечээ партиянын саясий кеңешинин отурумуна Иса Өмүркулов чакырылган болчу, бирок ал белгисиз себептер менен келбей койду. Ал жаздан бери саясий кеңештин отурумдарына келбей жатат. КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев менен жолугуп турам дегени чындыкка дал келбейт. Быйыл 31-мартта өткөн партиянын съездинен кийин партия лидери менен бир да жолу жолугушкан эмес.

Кечээ саясий кеңештин отурумунда Өмүркуловдун маселеси каралып, аны партиядан чыгаруу чечими кабыл алынды. Отурумда кворум болду, кеңештин мүчөлөрү толук кандуу катышты. Иса Өмүркуловдун ички абалын түшүнүп жатабыз, ал партиядан четтетилгенин кабыл алыш керек", - деди Жолдубаева.

Бүгүн, 1-ноябрда маалымат жыйынында Иса Өмүркулов Алмазбек Атамбаев менен күзүндө бир нече жолу жолукканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан