"Кыргызалтын" ишканасынын төрагасынын орун басары Бектур Сагынов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 1-ноябрда "Кыргызалтын" ишканасынын маалымат кызматы тастыктады. Маалым болгондой, ал аталган кызмат ордунан 11-октябрда бошотулган.
Бектур Сагынов "Кыргызалтын" ишканасынын төрагасынын экономика, каржы жана инвестиция боюнча орун басары болуп 2015-жылдын май айынан бери иштеп жаткан.
Андан сырткары "Центерра Голд Инк." компаниясынын Директорлор кеңешинде кыргыз тараптан мүчө болуп келген.