31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарды. Ошондой эле аны Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидерлигинен алуу боюнча депутаттарга кат жолдонду. Өмүркулов өзү фракция лидерлигинен кетпей турганын айтты. Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Иса Өмүркуловдун эми КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясын жетектегени канчалык мыйзамдуу?" деген соболуна “Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов төмөнкүдөй жообун билдирди.
Турускуловдун айтымында, Иса Өмүркуловду фракция жетекчилигинен алууну ошол фракциянын мүчөлөрү чечет.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов, Төрөбай Зулпукаров, Айнуру Алтыбаева, Дастан Бекешев, Улугбек Ормонов, Кожобек Рыспаев, Исхак Масалиев, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын пикири бул шилтемеде.