Депутат Төрөбай Зулпукаров: “Биринчи Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылганы мыйзамдуу чечим болдубу, ошону билиш керек”

31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарды. Ошондой эле аны Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидерлигинен алуу боюнча депутаттарга кат жолдонду. Өмүркулов өзү фракция лидерлигинен кетпей турганын айтты. Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Иса Өмүркуловдун эми КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясын жетектегени канчалык мыйзамдуу?" деген соболуна КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаровдун пикири төмөндөгүдөй болду.

Зулпукаровдун айтымында, бул маселе такталышы зарыл.

“Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылганы мыйзамдуу болдубу ошону билиш керек. Ал жерде саясий кеңештин 37 мүчөсү бар. Алардын канчасы жыйынга катышты, кворум болдубу? Муну тактоо кажет. Фракция саясий кеңештин сунушу канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин тактап чыгып, партиянын чечимин кааласа кабыл алат, каалабаса кабыл албайт”, - деди Зулпукаров.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Тазабек Икрамов, Айнуру Алтыбаева, Дастан Бекешев, Улугбек Ормонов, Кожобек Рыспаев, Исхак Масалиев, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан