31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарды. Ошондой эле аны Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидерлигинен алуу боюнча депутаттарга кат жолдонду. Өмүркулов өзү фракция лидерлигинен кетпей турганын айтты.
SUPER.KG порталынын
"Иса Өмүркуловдун эми КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясын жетектегени канчалык мыйзамдуу?" деген соболуна "Бир Бол" фракциясынан депутат
Улугбек Ормонов жооп берди.
Анын айтымында, Иса Өмүркуловду фракция лидерлигинен алуу чечимин фракция мүчөлөрү кабыл алат.
“Фракциянын мүчөлөрү өздөрүнүн лидерлерин бекитет. Мен азыр Иса Өмүркуловдун берген маалымат жыйынын көрдүм. Ал саясий кеңеш толук чогулбаганын, ким добуш бергени белгисиз экенин айтып жатат. Ошондуктан партиянын чечими дагы каралып чыгышы керек”, - деди Ормонов.
Жогорку Кеңештин төрагасы
Дастанбек Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаттары
Жыргалбек Турускулов,
Тазабек Икрамов, Төрөбай Зулпукаров, Айнуру Алтыбаева, Дастан Бекешев, Кожобек Рыспаев, Исхак Масалиев, КСДПнын расмий өкүлү
Кундуз Жолдубаеванын пикири бул
шилтемеде.