КСДП: “Атамбаев маалымат жыйын өткөрбөйт”

Алмазбек Атамбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн маалымат жыйын өткөрбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда SUPER.KG порталына КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Ал маалымат каражаттарына жазылып жаткан "экс-президент Алмазбек Атамбаев журналистерге жолугуп жыйын курат" деген билдирүүнү төгүндөдү.

“Жакынкы күндөрдө "Кыргызстан социал-демократтар партиясынын" лидери Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын өткөрбөйт. Ирина Карамушкина туура эмес түшүнүп алган окшот”, - деди Жолдубаева.

Эске салсак, бүгүн, 1-ноябрда бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинага таянуу менен эск-президент Алмазбек Атмбаевдин жакынкы күндөрдө маалымат жыйын өткөрөрүн жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан