Казакстанда КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны өттү

Бүгүн, 2-ноябрда Казакстандын Астана шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, жыйын тар жана кеңейтилген чөйрөдө өткөрүлдү.

Кеңейтилген курамдагы жыйындын жүрүшүндө КМШ алкагында өлкөлөр ортосунда кызматташууну өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелер жана чаралар талкууланды. Жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Уран өндүрүшүнүн таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо" мамлекет аралык максаттуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

- КМШга мүчө өлкөлөрдүн жогорку технологиялык энергетикалык өндүрүштү өнүктүрүү боюнча кызматташуу концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча негизги иш-чаралар планы жөнүндө;

- КМШга мүчө өлкөлөрдүн чектеш аймактарындагы токой зыянкечтеринин жана ооруларынын алдын алуу жана жоюу боюнча өз ара аракеттешүү жөнүндө келишим тууралуу;

- КМШга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы салыктык башкарууну ишке ашыруу үчүн электрондук түрдөгү маалымат алмашуу тууралуу протокол жөнүндө;

- 2020-жылга чейинки КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет аралык инновациялык кызматташуу программасынын алкагында мамлекет аралык инновациялык долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашыруу натыйжасында түзүлгөн интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды бөлүштүрүү тартиби жөнүндө;

- 2020-жылга чейинки КМШга мүчө өлкөлөрдөгү согуш ардагерлери – локалдык конфликттердин катышуучулары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо сапатын жакшыртуу жана медициналык-социалдык көмөк көрсөтүүнү мындан ары карай өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын 2019-жылы каржылоо жөнүндө;

- 2017-жылы абадан коргонуунун бириккен тутумун түзүү жана өнүктүрүүгө каражат бөлүүлөрдү пайдалануу жөнүндө;

- 2019-жылы КМШга мүчө өлкөлөрдөгү абадан коргонуунун бириккен тутумун түзүү жана өнүктүрүүгө каражат бөлүү;

- КМШнын Экономикалык сотунун ишмердигинин айрым маселелери жөнүндө;

- КМШнын органдарынын 2017-жылга карата бирдиктүү бюджетин аткаруу жөнүндө;

- КМШга мүчө өлкөлөрдөгү үлүштүк төлөмдөрүнүн өлчөмүнүн өзгөрүүсү жөнүндө;

- КМШнын органдарынын 2019-жылга карата бирдиктүү бюджети жөнүндө;

- КМШга катышуучу мамлекеттеринин гуманитардык кызматташуу тармагында 2019-2020-жылга карата артыкчылыктуу иш-чараларынын планы жөнүндө;

- КМШга катышуучу мамлекеттеринин электрондук жана электрдик-техникалык жабдуулардын калдыктарын башкаруу тармагындагы 2018-жылдын 1-июнундагы кызматташуу жөнүндө Келишимди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө;

- 1997-жылдын 17-январындагы уюлдук кыймылдуу байланыш тутумун өнүктүрүү жана колдонуу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол жөнүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан