Саясатчы Таалатбек Масадыков: "Реформаны президент чындап каалап турса дагы тегерегиндеги адамдар тоскоолдук кылып, каршы чыгып жаткан болушу мүмкүн"

Армениянын экс-премьер-министри Никол Пашинян ушул жылдын 8-майында өкмөт башына келип, 2 айда мамлекеттик бюджеттен уурдалды делген 42 миллион долларды кайтарды. Ошондой эле өлкөнүн мурдагы башчыларына кылмыш ишин козгоп, бийликтин бардык бутагындагы кадрларды алмаштырып, учурда мөөнөтүнөн мурда өтчү парламенттик шайлоого даярданууда. Ал эми Грузиянын эки жолку президенти Михаил Саакашвили да дүйнөгө мыкты реформатор катары тааныла алды. Ал бийлик башына келип эле укук коргоо органдарындагы 20 миңге чукул кызматкерди кызматтан бошотуп, жаңы электрондоштурулган систем курган. Андан сырткары коррупция менен аёосуз күрөшүп, салыктын түрүн 22ден 6га түшүргөн.

SUPER.KG порталынын "Кыргыз саясатында Пашинян, Саакашвили сыяктуу реформаторлор барбы?" деген соболуна саясатчы Таалатбек Масадыков жооп берди.

Ал бийлик реформаторлорду жолотпой жатат деген пикирде.

"Албетте, саясатчыларыбызды салыштырса болот. Бирок Пашинян, Саакашвили эле жакшы деп да айтууга болбойт. Себеби алардын да катасы бар. Ошол эле учурда биздин өлкөгө реформа жасоо өтө зарыл. Бизде да реформа жасай алчу адамдар бар. Жаштардын, орто жана улуу муундун ичинде өзгөрүүнү каалагандар жок эмес. Реформа жасаганга мүмкүнчүлүгү, билими , тажрыйбасы да жетет. Бирок андай адамдарды бийликтегилер жолотпой жатат. Өлкөдө кадр саясаты жок болууда. Өздөрүнүн сөзүн уккан, аларга баш ийген адамдарды кызматка алып келишүүдө. Учурда ички саясат, команда өзгөрдү. Ошентсе да системдик реформаларды ишке ашыра турган кишилер келе албай жатат. Же алардын каалоосу жок, же билими, тажрыйбасы жетишпейт. Азыркы бийликтин командасы алсыз. Реформаны президент чындап каалап турса дагы тегерегиндеги адамдар тоскоолдук кылып, каршы чыгып жаткан болушу мүмкүн. Президент реформа жасашы үчүн жетишерлик убакыт өттү.

Менимче, шайлоо системи өзгөрмөйүнчө реформатор кадрлар бийликке бара албайт. Саясий партияларды көрүп жатасыздар да. Акчалуу адамдар шайлоого аз калганда эле активдүү болуп, бийликке келип калууда. Ар бир аймактан күчтүү адамдар чыгып, шайлоого катыша турган мажоритарлык шайлоо системин курушубуз керек. Туруктуу, күчтүү партия пайда болушу үчүн көп убакыт керек. Эң чоң партиянын ичинде эмне болуп жатканын өзүңөр көрүп жатасыңар. 2020-жылдагы парламенттик шайлоо да коомубузду өзгөртөт деп ишенбейм”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Каныбек Осмоналиев, Равшан Жээнбеков, мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев, саясий эксперт Игорь Шестаков, УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов, саясий ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан