Экс-министр Арзыбек Кожошев: “Реформаторду революция жолу менен чыгарабыз дегенден алыс болушубуз керек”

Армениянын экс-премьер-министри Никол Пашинян ушул жылдын 8-майында өкмөт башына келип, 2 айда мамлекеттик бюджеттен уурдалды делген 42 миллион долларды кайтарды. Ошондой эле өлкөнүн мурдагы башчыларына кылмыш ишин козгоп, бийликтин бардык бутагындагы кадрларды алмаштырып, учурда мөөнөтүнөн мурда өтчү парламенттик шайлоого даярданууда. Ал эми Грузиянын эки жолку президенти Михаил Саакашвили да дүйнөгө мыкты реформатор катары тааныла алды. Ал бийлик башына келип эле укук коргоо органдарындагы 20 миңге чукул кызматкерди кызматтан бошотуп, жаңы электрондоштурулган систем курган. Андан сырткары коррупция менен аёосуз күрөшүп, салыктын түрүн 22ден 6га түшүргөн.

SUPER.KG порталынын "Кыргыз саясатында Пашинян, Саакашвили сыяктуу реформаторлор барбы?" деген соболуна мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев жооп берди.

Экс-министрдин пикиринде, саясий чечимдерди кабыл алуу менен реформаторлорду чыгарса болот, бирок эл колдошу керек.

"Кыргыз саясатында Пашинян, Саакашвили сыяктуу саясатчы чыгышы үчүн ошолорго түзүлгөндөй шарт түзүлүшү керек. Андай шарт азырынча биздин өлкөдө жок. Ошентсе да мен кыргыздын жигиттеринин арасында мындай адамдар жок эмес деп ойлойм. Алар бир күнү чыгат. Болгону шарт түзүлүш керек. Мисалы, Пашинянды эл колдоп, өзү чыгарды. Өлкөбүздө 2 жолу революция болду. Дагы бир революция болсо, эл аны көтөрө албайт. Ошон үчүн саясий чечимдин арты менен мыкты реформатор адамдарды алып чыксак жакшы болот эле.

Реформаторлор чыгышы үчүн түзүлгөн шарт комплекстүү болгону жакшы. Биринчиден, эл колдоп, жалпы коомчулуктун реформалар жасалсын деген талабынын негизинде чечимдер кабыл алынышы зарыл. Бирок реформаторду революция жолу менен чыгарабыз дегенден алыс болушубуз керек. Эки жолку революциянын жыйынтыгында экономикабыздын 15-20 жыл артка кетип калганын көрдүк. Азыр өлкөдө саясий туруктуулук бар, бирок экономикада жылыштар болбой жатат", - деди Кожошев.

Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Каныбек Осмоналиев, Равшан Жээнбеков саясатчы Таалатбек Масадыков, саясий эксперт Игорь Шестаков, УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов жана саясий ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан